НЕМИС ТИЛИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕМИС ТИЛИ, немец тили — немистердин, австриялыктардын жана швейцариялыктардын бир бөлүгүнүн тили. Люксембургдагы расмий эки тилдин бири. Н. т-нде сүйлөөчү калктар КМШ өлкөлөрүндө, АКШ ж. б. айрым мамлекеттерде жашашат. Инди-европа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. Н. т-нин тарыхы байыркы, жогорку немис (8-11-к.), орто жогорку немис (12-13-к.), эртеги жаңы жогорку немис (14-16-к.) жана жаңы жогорку немис 17- к-дан баштап) тилдери деп 4 мезгилге бөлүнөт. Азыркы немец адабий тилинде 16 үндүү тыбыш, 3 дифтонг 19 үнсүз тыбыш, 2 аффриката бар. Морфол. өзгөчөлүктөрү грамматикалык категориялар аркылуу туюнтулат. Жазмасы латын алфавитинин негизинде. Германия, Австрия, Швейцариядагы адабий тилдери өз ара айырмалуу. Ал айырма көбүнчө лексикадан жана сүйлөөдөн даана байкалат.
Ад.: Жирмунский В. М. История немецкого языка. 5-изд., М., 1965; Немецче-кыргызча сөздүк. Ф., 1973; Кыргызча-орусча-немецче сөздүк. Ф., 1977.