НЕМИС ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕМИС ТИЛИ, немец тили — немистер­дин, австриялыктардын жана швейцариялык­тардын бир бөлүгүнүн тили. Люксембургдагы расмий эки тилдин бири. Н. т-нде сүйлөөчү кал­ктар КМШ өлкөлөрүндө, АКШ ж. б. айрым мам­лекеттерде жашашат. Инди-европа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. Н. т-нин тарыхы байыркы, жогорку немис (8-11-к.), орто жогор­ку немис (12-13-к.), эртеги жаңы жогорку не­мис (14-16-к.) жана жаңы жогорку немис 17- к-дан баштап) тилдери деп 4 мезгилге бөлүнөт. Азыркы немец адабий тилинде 16 үндүү тыбыш, 3 дифтонг 19 үнсүз тыбыш, 2 аффриката бар. Мор­фол. өзгөчөлүктөрү грамматикалык категориялар аркы­луу туюнтулат. Жазмасы латын алфавитинин негизинде. Германия, Австрия, Швейцариядагы адабий тилдери өз ара айырмалуу. Ал айырма кө­бүнчө лексикадан жана сүйлөөдөн даана байкалат.

Ад.: Жирмунский В. М. История немецкого языка. 5-изд., М., 1965; Немецче-кыргызча сөздүк. Ф., 1973; Кыргызча-орусча-немецче сөздүк. Ф., 1977.