НЕЙТРАЛИТЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕЙТРАЛИТЕТ, бейтараптык (эл аралык укукта) - согушка катышпоо, тынчтык мезги­линде согуштук блокторго (союздарга) кирбөө. Н-тин мааниси - саясий, экон; ж. б. күрөштөрдө каршылашкан топторго кошулбоо. Эл аралык мамилелердин көз карашы боюнча Н. мамлекет­тин өзгөчө эл аралык укуктук статусу болуп саналат. Н-тин төмөнкүдөй формалары бар: куралданган Н. (согушка толук даяр болуу ме­нен Н-ти сактоо); эвентуалдык Н. (конкреттүү согушта Н-ти сактоо); позитивдүү Н. (согуштар­да союздарга катышпоо); туруктуу Н. (агрессия­дан коргонуудан башка учурларда согушка тап­такыр катышпоо жөнүндө мамлекеттин милдет­тенмеси). Бейтарап мамлекеттин укуктары жана милдеттери (укуктук статусу) эл аралык до­кументтер (1899-ж. жана 1907-ж. Гаага конвен­циясы, 1949-ж. Женева конвенциясы ж. б.) менен аныкталат. Бейтарап мамлекеттин аймагы, жарандары жана мүлк-байлыгы кол тийбестик укукка ээ, ошондой эле өзүнүн бейтараптык абалын куралдуу коргоого укуктуу. Бейтарап мамлекет­ке согушуп жаткан тараптардын тигил же бул жагына жардам, колдоо көрсөтүүгө, өз аймагы аркылуу согуш күчтөрүн өткөрүүгө, согуш объек­тилерин курууга, согуш отряддарын түзүүгө, со­гушка алып келүүчү саясатты жүргүзүүгө бол­бойт. Швейцария (1815-жылдан); Австрия (1955- жылдан), Мальта (1981-жылдан) өлкөлөрү бей­тарап мамлекеттердин катарына кирет. Курамы­на ЮОдөн ашык мамлекеттерди камтыган блок­торго кошулбоо кыймылы - позитивдик Н-тин формаларынын бири. Саясий плюрализм, көп партиялуулук шарттарындагы саясий турмуш­та жана саясий күрөштө Н. кеңири колдонулат.