НЕЙТРАЛИТЕТ
НЕЙТРАЛИТЕТ, бейтараптык (эл аралык укукта) - согушка катышпоо, тынчтык мезгилинде согуштук блокторго (союздарга) кирбөө. Н-тин мааниси - саясий, экон; ж. б. күрөштөрдө каршылашкан топторго кошулбоо. Эл аралык мамилелердин көз карашы боюнча Н. мамлекеттин өзгөчө эл аралык укуктук статусу болуп саналат. Н-тин төмөнкүдөй формалары бар: куралданган Н. (согушка толук даяр болуу менен Н-ти сактоо); эвентуалдык Н. (конкреттүү согушта Н-ти сактоо); позитивдүү Н. (согуштарда союздарга катышпоо); туруктуу Н. (агрессиядан коргонуудан башка учурларда согушка таптакыр катышпоо жөнүндө мамлекеттин милдеттенмеси). Бейтарап мамлекеттин укуктары жана милдеттери (укуктук статусу) эл аралык документтер (1899-ж. жана 1907-ж. Гаага конвенциясы, 1949-ж. Женева конвенциясы ж. б.) менен аныкталат. Бейтарап мамлекеттин аймагы, жарандары жана мүлк-байлыгы кол тийбестик укукка ээ, ошондой эле өзүнүн бейтараптык абалын куралдуу коргоого укуктуу. Бейтарап мамлекетке согушуп жаткан тараптардын тигил же бул жагына жардам, колдоо көрсөтүүгө, өз аймагы аркылуу согуш күчтөрүн өткөрүүгө, согуш объектилерин курууга, согуш отряддарын түзүүгө, согушка алып келүүчү саясатты жүргүзүүгө болбойт. Швейцария (1815-жылдан); Австрия (1955- жылдан), Мальта (1981-жылдан) өлкөлөрү бейтарап мамлекеттердин катарына кирет. Курамына ЮОдөн ашык мамлекеттерди камтыган блокторго кошулбоо кыймылы - позитивдик Н-тин формаларынын бири. Саясий плюрализм, көп партиялуулук шарттарындагы саясий турмушта жана саясий күрөштө Н. кеңири колдонулат.