НЕГРОИД РАСАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕГРОИД РАСАСЫ, экватор расасы­адамзаттын негизги үч расасынын бирөө; бою ар кандай, колу-буту (өзгөчө колу) узун, кара көз, кыска тармал чачтуу, кара же күрөң өң­дүү, келте мурун, калың эриндүү. Н. р-на Афри­ка, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Океания жана

Австралиянын тропикалык ай­мактарында жа­шаган тургундар, ошондой эле Бразилия, Вест-Индия, АКШ жана Франция кал­кынын маанилүү бөлүгү (21-к.) ки­рет, к. Экватор расасы.

<a id="bookmark20"></a>НЕЁЛОВДОР - орус архитекторлору, алгачкы классицизм өкүлдөрү: 1) Василий Иванович (1721/22-82) - Пушкин ш-ндагы пейзаждуу «Англиялык бак­ты» (1771-80), псевдоготикалык «Адмиралтей­ствону» (1773-77) курган; 2) уулу Илья Василь­евич (1745-93) - ошол эле жердеги Лицей кор­пусунун (1788-92), «Жогорку ванна» жана «Төмөнкү ванна» (1777-79) павильондорунун долбоорун түзгөн.