НЕГРОИД РАСАСЫ
НЕГРОИД РАСАСЫ, экватор расасыадамзаттын негизги үч расасынын бирөө; бою ар кандай, колу-буту (өзгөчө колу) узун, кара көз, кыска тармал чачтуу, кара же күрөң өңдүү, келте мурун, калың эриндүү. Н. р-на Африка, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Океания жана

Австралиянын тропикалык аймактарында жашаган тургундар, ошондой эле Бразилия, Вест-Индия, АКШ жана Франция калкынын маанилүү бөлүгү (21-к.) кирет, к. Экватор расасы.
<a id="bookmark20"></a>НЕЁЛОВДОР - орус архитекторлору, алгачкы классицизм өкүлдөрү: 1) Василий Иванович (1721/22-82) - Пушкин ш-ндагы пейзаждуу «Англиялык бакты» (1771-80), псевдоготикалык «Адмиралтействону» (1773-77) курган; 2) уулу Илья Васильевич (1745-93) - ошол эле жердеги Лицей корпусунун (1788-92), «Жогорку ванна» жана «Төмөнкү ванна» (1777-79) павильондорунун долбоорун түзгөн.