НЕГИЗГИ СОККУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕГИЗГИ СОККУ — душманды талкалоо жана операциянын (салгылаштын) түпкү максатын жүзөгө ашыруу үчүн өтө маанилүү жерге чыгуу багытында аскерлердин (флоттун) негизги топ­тору урган сокку. Н. с-нун багытын тандап алуу жана сокку уруучу күчтөрдү туура аныктоо, ча­буул коюуда командачынын (командирдин) че­чиминин негизи болуп, операциянын ийгили­гин көп жагынан күн мурунтан камсыз кылат. Н. с-нун багыты максатка, кырдаалга жараша белгиленип, аскерлердин санына, сапатына ж. б-га байланыштуу болот.