НЕГИЗГИ СОККУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕГИЗГИ СОККУ — душманды талкалоо жана операциянын (салгылаштын) түпкү максатын жүзөгө ашыруу үчүн өтө маанилүү жерге чыгуу багытында аскерлердин (флоттун) негизги топтору урган сокку. Н. с-нун багытын тандап алуу жана сокку уруучу күчтөрдү туура аныктоо, чабуул коюуда командачынын (командирдин) чечиминин негизи болуп, операциянын ийгилигин көп жагынан күн мурунтан камсыз кылат. Н. с-нун багыты максатка, кырдаалга жараша белгиленип, аскерлердин санына, сапатына ж. б-га байланыштуу болот.