НЕВРОПАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕВРОПАТОЛОГИЯ (невро..., грекче рйЬоз - оору жана ...логия) — медицинанын бир тармагы. Ал нерв системасынын ооруларынын пайда болуу

себептерин, белгилерин, өтүшүн изилдейт жана диагноз коюу, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгат. Н-нын теориялык негизин нерв систе­масынын түзүлүшүн, функциясын үйрөтүүчү нев­рология түзөт. Нерв системасын операция жолу менен дарылоо методдордун нейрохирургия, пси­хикалык ооруларды психотерапия изилдейт. Илим менен техниканын өсүшү нерв ооруларын изилдөөгө көп жаңы методдорду киргизди. Мээ менен жүлүндө, четки нерв системасында оорунун жайгашкан жана таралган жерин так диагноздоо­чу атайын клиникалык система иштелип чык­кан. Н-лык диагноздоодо жүлүн суусун алуу жана техникалык методдор — компьютердик рентген то­мографиясы, ультраүн, энцефалография, ангио­графия, электр энцефалография, электромио­графия ж. б. колдонулат. Кыргызстанда Н-нын өнү­гүшүнө проф. А. Ф. Усманова, академик А. Мур­залиев ж. б. зор салым кошкон.