НЕВРОПАТОЛОГИЯ
НЕВРОПАТОЛОГИЯ (невро..., грекче рйЬоз - оору жана ...логия) — медицинанын бир тармагы. Ал нерв системасынын ооруларынын пайда болуу
себептерин, белгилерин, өтүшүн изилдейт жана диагноз коюу, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгат. Н-нын теориялык негизин нерв системасынын түзүлүшүн, функциясын үйрөтүүчү неврология түзөт. Нерв системасын операция жолу менен дарылоо методдордун нейрохирургия, психикалык ооруларды психотерапия изилдейт. Илим менен техниканын өсүшү нерв ооруларын изилдөөгө көп жаңы методдорду киргизди. Мээ менен жүлүндө, четки нерв системасында оорунун жайгашкан жана таралган жерин так диагноздоочу атайын клиникалык система иштелип чыккан. Н-лык диагноздоодо жүлүн суусун алуу жана техникалык методдор — компьютердик рентген томографиясы, ультраүн, энцефалография, ангиография, электр энцефалография, электромиография ж. б. колдонулат. Кыргызстанда Н-нын өнүгүшүнө проф. А. Ф. Усманова, академик А. Мурзалиев ж. б. зор салым кошкон.