НЕВРАСТЕНЙЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕВРАСТЕНЙЯ (нейро... (невро...) жана астения) - невроздор тобундагы нерв системасынын начарлашы, ачуулануу, чын тийбестик, бат чарчоо, алсыздануу менен мүнөздөлгөн оору. Ага нерв системасынын өтө чарчашы, психикалык травма, аз уктоо, көп иштөө, кофе, чай, ичкиликти ашкере ичүү ж. б. себеп болот. Оору башталганда жүрөк тез кагып, терчил болуп, тамакка табити тартпай калат. Андан кийин түрдүү сырткы факторлорго сезгичтиги күчөйт. Оорулуу майда-чүйдөгө эле жини келип, урушчаак, таарынчаак болуп, айланасындагыларды жактырбай, көңүлү чөгөт. Уйку качат, бир аз эле кыбыр-шыбырга ойгонуп, аз уктайт, ыйлаак, коркок болуп, чыр-чатакты көтөрө албайт, эмгекке жөндөмү төмөндөйт. Эч нерсени сүйбөйт. Эгер оорулуу өз убагында дарыланбаса, бул белгилер күчөйт. Н-ны өтө чарчоодон айырмалоо керек. Чарчоо бир аз эс алгандан кийин тарап кетет. Н-да эс алуудан кийин да күчү калыбына келбейт. Оору башталганда эмгек менен эс алуу режимин туура түзүп, спортко катышуу, суу процедураларын алуу, өз убагында жана витаминдүү тамак-аш менен тамактануу, үйдө жана кызматта жагымдуу шарттарды түзүү ж. б. жакшы натыйжа берет. Ал эми оору күчөп кетсе, дарылоо керек. Режимди туура колдонуп, өз убагында уктоо маанилүү. Н. менен жабыркагандар дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, гипноз, психотерапия жана сеп алдыруучу дарылар менен дарыланат. Алдын алууда эмгек менен эс алууну айкалыштыруу зарыл.