НЕВРАСТЕНЙЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВРАСТЕНЙЯ (нейро... (невро...) жана асте­ния) - невроздор тобундагы нерв системасынын начарлашы, ачуулануу, чын тийбестик, бат чар­чоо, алсыздануу менен мүнөздөлгөн оору. Ага нерв системасынын өтө чарчашы, психикалык трав­ма, аз уктоо, көп иштөө, кофе, чай, ичкиликти ашкере ичүү ж. б. себеп болот. Оору башталган­да жүрөк тез кагып, терчил болуп, тамакка та­бити тартпай калат. Андан кийин түрдүү сырт­кы факторлорго сезгичтиги күчөйт. Оорулуу майда-чүйдөгө эле жини келип, урушчаак, таа­рынчаак болуп, айланасындагыларды жактыр­бай, көңүлү чөгөт. Уйку качат, бир аз эле кы­быр-шыбырга ойгонуп, аз уктайт, ыйлаак, кор­кок болуп, чыр-чатакты көтөрө албайт, эмгек­ке жөндөмү төмөндөйт. Эч нерсени сүйбөйт. Эгер оорулуу өз убагында дарыланбаса, бул белги­лер күчөйт. Н-ны өтө чарчоодон айырмалоо ке­рек. Чарчоо бир аз эс алгандан кийин тарап ке­тет. Н-да эс алуудан кийин да күчү калыбына келбейт. Оору башталганда эмгек менен эс алуу режимин туура түзүп, спортко катышуу, суу процедураларын алуу, өз убагында жана вита­миндүү тамак-аш менен тамактануу, үйдө жана кызматта жагымдуу шарттарды түзүү ж. б. жак­шы натыйжа берет. Ал эми оору күчөп кетсе, дарылоо керек. Режимди туура колдонуп, өз убагында уктоо маанилүү. Н. менен жабыркаган­дар дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, гипноз, психотерапия жана сеп алдыруучу дарылар менен дарыланат. Алдын алууда эмгек менен эс алууну айкалыштыруу зарыл.