«НАРИКБАЙ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

«НАРИКБАЙ» — баатырдык поэма. Ногой, ка­зак, кара калпак, башкыр, крым жана казан та­тарларында «ЭрЧоро», «Шора», «Шорабаатыр» аталса, кыргыздарда негизги каармандын бири Нариктин атынан «Н.» делет. Чоро - тарыхта болгон адам, Крым хандыгынын князы. Карам­зиндин жыл баянында Казандагы согушта Крымдан келген Чоро дегендин 1546-ж. өлтү­рүлгөндүгү маалымдалат. Айрым тарыхый ма­териалдарга караганда, Крым, Казан хандык­тарындагы жергиликтүү князь төрөлөр менен орус импе­риясынын ортосундагы чыр-чатакка да каты­шы болгон. Ушундай себептерден улам изилден­бей келген. «Н.» поэмасынын казак, башкыр, ногой, татар, кара калпак, чуваш элдеринде бир канча варианттары жана Шоро баатыр жөнүндөгү ыр, аңыз, аңгемелер жолугат. Алардын баары Ка­рим уулу Чоронун айланасындагы окуяларга байланыштуу. Ал эми кыргыздардагы айтылы­шында 16-к-дагы тарыхый адамдын ысымы гана сакталып, түп-тамырынан өзгөрүп, уруучулук, феодалдык түзүлүштүн ички карама-каршылык­тары, өз ара араздашып, бытыраган кыргыздар­дын калмак төбөлдөрүнүн баскынчылык жор­туулуна каршы биригүүгө умтулуусу, алардын азаттык күрөшү «поэманын» идеялык мазмунун түзөт. «Н.» поэмасы көбүнчө Кыргызстандын түн­дүгүндө жана Талас өрөөнүндө казактар менен коң­шулаш аймакта айтылат. Т. Сатылганов «Нар­кан» деген ат менен айткандыгы тууралуу маалы­мат К. Кожобековдон жазылып алынган. Мын­дан сырткары Т. Сырдыбаев менен С. Чойбеков­дон жазылып алынган, толукталган тексти илимий баш сөзү менен «Эл адабияты» сериясынан жа­рык көрдү (Муңдук, Зарлык. Кыз Дарыйка. Нарикбай. 11-том. Б., 2002.).