«НАРИКБАЙ»
«НАРИКБАЙ» — баатырдык поэма. Ногой, казак, кара калпак, башкыр, крым жана казан татарларында «ЭрЧоро», «Шора», «Шорабаатыр» аталса, кыргыздарда негизги каармандын бири Нариктин атынан «Н.» делет. Чоро - тарыхта болгон адам, Крым хандыгынын князы. Карамзиндин жыл баянында Казандагы согушта Крымдан келген Чоро дегендин 1546-ж. өлтүрүлгөндүгү маалымдалат. Айрым тарыхый материалдарга караганда, Крым, Казан хандыктарындагы жергиликтүү князь төрөлөр менен орус империясынын ортосундагы чыр-чатакка да катышы болгон. Ушундай себептерден улам изилденбей келген. «Н.» поэмасынын казак, башкыр, ногой, татар, кара калпак, чуваш элдеринде бир канча варианттары жана Шоро баатыр жөнүндөгү ыр, аңыз, аңгемелер жолугат. Алардын баары Карим уулу Чоронун айланасындагы окуяларга байланыштуу. Ал эми кыргыздардагы айтылышында 16-к-дагы тарыхый адамдын ысымы гана сакталып, түп-тамырынан өзгөрүп, уруучулук, феодалдык түзүлүштүн ички карама-каршылыктары, өз ара араздашып, бытыраган кыргыздардын калмак төбөлдөрүнүн баскынчылык жортуулуна каршы биригүүгө умтулуусу, алардын азаттык күрөшү «поэманын» идеялык мазмунун түзөт. «Н.» поэмасы көбүнчө Кыргызстандын түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө казактар менен коңшулаш аймакта айтылат. Т. Сатылганов «Наркан» деген ат менен айткандыгы тууралуу маалымат К. Кожобековдон жазылып алынган. Мындан сырткары Т. Сырдыбаев менен С. Чойбековдон жазылып алынган, толукталган тексти илимий баш сөзү менен «Эл адабияты» сериясынан жарык көрдү (Муңдук, Зарлык. Кыз Дарыйка. Нарикбай. 11-том. Б., 2002.).