НАМАЗБЕКОВ Мамбетакун: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАМАЗБЕКОВ Мамбетакун (1. 8. 1941-ж. т„ Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Кожояр айылы) - медицина илимдеринин доктору (1986), проф. (1989). КР УИАнын корр. мүчөсү (2000). КРдин

илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1978). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2006), эмг. сиң. врачы, КР УИАнын И. К. Ахунбаев атындагы сыйл. алган (2002). КММИни (1964), СССР МИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунун аспирантурасын (1970) жана докторантурасын (1983) бүтүргөн. Ысык-Көл обл-нун Түп р-ндук ооруканасында хирург болуп иштеген. Респ. ооруканада хирург-ординатор, кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы (1970-81), 1976-жылдан Респ. кан тамыр хирургиясы борборунун жетекчиси. Жалпы хирургия жана кан тамыр хирургиясы боюнча адис. Респ-када кан тамыр хирургиясын негиздөөчү. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы, 2 ойлоп табуусу, 3 окуу китеби бар.
Эмг.: Вазоренальное гипертензия детского возраста. Б., 1993; Применение лазера в ангиологии (в соавторстве). Б., 1995; Хирургическое лечение аневризмы аорты. Б., 1999; Актуальные вопросы сосудистой хирургии. Б., 2003.