НАМАЗБЕКОВ Мамбетакун

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАЗБЕКОВ Мамбетакун (1. 8. 1941-ж. т„ Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Кожояр айы­лы) - медицина илимдеринин доктору (1986), проф. (1989). КР УИАнын корр. мүчөсү (2000). КРдин

илим жана техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1978). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2006), эмг. сиң. врачы, КР УИАнын И. К. Ахунбаев атындагы сыйл. алган (2002). КММИни (1964), СССР МИАнын жү­рөк-кан тамыр хирургиясы институтунун аспирантурасын (1970) жана докторантурасын (1983) бүтүргөн. Ысык-Көл обл-нун Түп р-ндук ооруканасында хирург болуп иштеген. Респ. ооруканада хирург-ор­динатор, кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы (1970-81), 1976-жылдан Респ. кан тамыр хирургиясы борборунун жетекчиси. Жалпы хирургия жана кан тамыр хирургиясы боюнча адис. Респ-када кан тамыр хирургиясын негиздөөчү. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы, 2 ойлоп табуусу, 3 окуу китеби бар.

Эмг.: Вазоренальное гипертензия детского возраста. Б., 1993; Применение лазера в ангиологии (в соав­торстве). Б., 1995; Хирургическое лечение аневризмы аорты. Б., 1999; Актуальные вопросы сосудистой хирургии. Б., 2003.