НАЙМАН (Ноокат р-ну): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЙМАН - Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак (1962-жылдан 2012-ж. чейин шаарча статусунда болгон). Найман айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 30 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 30 км. 1965-ж. негизделген. Калкы 1,5 миң (2011); негизинен кыргыздар (81,8%), ошондой эле орус, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ө. ж. ишканаларынан «Найман» галош заводу, «Толкун» АК жана «Улуу-Тоо» ЖЧК иштейт. Эки орто мектеп, китепканалар, 3 бала бакча, 2 медпункт, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.