НАЙМАН (Ноокат р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЙМАН - Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыш­так (1962-жылдан 2012-ж. чейин шаарча стату­сунда болгон). Найман айыл аймагына караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 30 км ба­тыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 30 км. 1965-ж. негизделген. Калкы 1,5 миң (2011); не­гизинен кыргыздар (81,8%), ошондой эле орус, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ө. ж. ишкана­ларынан «Найман» галош заводу, «Толкун» АК жана «Улуу-Тоо» ЖЧК иштейт. Эки орто мектеп, китепканалар, 3 бала бакча, 2 медпункт, амбу­латория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жай­лары, базарчалар иштейт.