НАЗАРБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЗАРБАЕВ Нурсултан Абишевич (6. 7. 1940- жылы туулган, Казак ССРи, Алматы обл., Каскелең р-ну, Чемолган кыш.) - Казакстандын мамлекеттик ишмери, Казакстан Респ-нын Президенти (1990-жылдан),

экономика илимдеринин доктору (1992), Казакстан ИАнын академиги (1993). Днепродзержинскдеги (Украина) № 8-кесиптик-техникалык (1958), Караганды металлургия комбинатына караштуу жогорку техникалык (1967) окуу жайларын бүткөн. 1960-69-ж. Караганды обл-нун Темиртау ш-ндагы «Казметаллургкурулуш» трестинде, Караганды металлургия заводунда жумушчу, 1969- 73-ж. Темиртау ш-нда комсомолдук жана партиялык жооптуу кызматтарда, 1973-77-ж. Караганды металлургия комбинатынын парткомунун секретары, 1977-79-ж. партиянын Караганды шааркомунун секретары, 2-секретары, 1979- 84-ж. Казакстан КП БКнын секретары, 1984- 89-ж. Казак ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1989-91-ж. Казакстан КП БКнын 1-секретары, Казакстан Жогорку Советинин төрагасы (1990-ж. февраль-апрель), КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү (1990-91), СССР Жогорку Советинин депутаты (10-11-чакырылышы), СССР эл депутаты (1989-92), «НурОтан» партиясынын жетекчиси (2007-жылдан). 2010-ж. 15-июнда ага Казакстан Респ-нын парламенти Улут лидери статусун ыйгарган.