НАЗАРБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗАРБАЕВ Нурсултан Абишевич (6. 7. 1940- жылы туулган, Казак ССРи, Алматы обл., Каскелең р-ну, Чемолган кыш.) - Казакстандын мамлекеттик ишме­ри, Казакстан Респ-нын Президенти (1990-жыл­дан),

экономика илимдеринин док­тору (1992), Казакстан ИА­нын академиги (1993). Днеп­родзержинскдеги (Украина) № 8-кесиптик-техникалык (1958), Караганды металлургия комбинатына караштуу жо­горку техникалык (1967) окуу жай­ларын бүткөн. 1960-69-ж. Караганды обл-нун Темир­тау ш-ндагы «Казметаллург­курулуш» трестинде, Кара­ганды металлургия заводунда жумушчу, 1969- 73-ж. Темиртау ш-нда комсомолдук жана партиялык жооптуу кызматтарда, 1973-77-ж. Караганды металлургия комбинатынын парткомунун секретары, 1977-79-ж. партиянын Караганды шааркомунун секретары, 2-секретары, 1979- 84-ж. Казакстан КП БКнын секретары, 1984- 89-ж. Казак ССР Министрлер Советинин төра­гасы, 1989-91-ж. Казакстан КП БКнын 1-секре­тары, Казакстан Жогорку Советинин төрага­сы (1990-ж. февраль-апрель), КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү (1990-91), СССР Жо­горку Советинин депутаты (10-11-чакыры­лышы), СССР эл депутаты (1989-92), «Нур­Отан» партиясынын жетекчиси (2007-жылдан). 2010-ж. 15-июнда ага Казакстан Респ-нын пар­ламенти Улут лидери статусун ыйгарган.