НАЗАРАЛИЕВ Шаршен: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАЗАРАЛИЕВ Шаршен (1915, азыркы Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Үч-Эмчек кыш. - 1970, ошол-эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуу­чусу. 1935-38-ж. мурдагы Вудённый р-нундагы Энгельс атындагы колхоздо баш чабан, 1943-жыл­дан Талас р-нундагы

«Коммунизм» колхозу-

нун жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. 1947-ж. 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин 1-шайланышынын депута­ты. Ленин ордени менен сый­ланган. Өзү жашаган көчөгө аты берилген, Тегерек орто мектебинде музейи ую­шулган.