НАЗАРАЛИЕВ Шаршен
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАЗАРАЛИЕВ Шаршен (1915, азыркы Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Үч-Эмчек кыш. - 1970, ошол-эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1935-38-ж. мурдагы Вудённый р-нундагы Энгельс атындагы колхоздо баш чабан, 1943-жылдан Талас р-нундагы
«Коммунизм» колхозу-

нун жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. 1947-ж. 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-шайланышынын депутаты. Ленин ордени менен сыйланган. Өзү жашаган көчөгө аты берилген, Тегерек орто мектебинде музейи уюшулган.