НАДЫМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАДЫМ - Ямал-Ненец автономия округундагы шаар (1972-жылдан), Надым р-нунун администрациялык бор­бору. Надым д-нын боюнда жайгашкан. Батыш Сибирдин эң түндүгүндөгү ири шаарлардын бири. Экол. абалы адамдардын жашоосу үчүн (нефть жана газ кендерин казуунун негизинде) өтө жа­гымсыз. Калкы 47,3 миң (2012). Табигый газ казылып алынат (Аюулуу кени). Урал - Волга бою - Борбор газ куурларынын баштапкы пунк­ту. Шаардагаз өндүрүүчү, «НОВАТЭК» өндүрүшү иштейт, сүрөт галереясы, Ыйык Никола хра­мы, мечит бар.