НАДЫМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАДЫМ - Ямал-Ненец автономия округундагы шаар (1972-жылдан), Надым р-нунун администрациялык борбору. Надым д-нын боюнда жайгашкан. Батыш Сибирдин эң түндүгүндөгү ири шаарлардын бири. Экол. абалы адамдардын жашоосу үчүн (нефть жана газ кендерин казуунун негизинде) өтө жагымсыз. Калкы 47,3 миң (2012). Табигый газ казылып алынат (Аюулуу кени). Урал - Волга бою - Борбор газ куурларынын баштапкы пункту. Шаардагаз өндүрүүчү, «НОВАТЭК» өндүрүшү иштейт, сүрөт галереясы, Ыйык Никола храмы, мечит бар.