МЭЙДЗИ ИСИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МЭЙДЗИ ИСЙН (япончо Мэйдзини жаңыртуу, калыбына келтирүү) - 19-к-дын 2-жарымында Япониядагы феод. системаны жоюп, борбордош­кон буржуазиялык-помещиктик мамлекетти орноткон саясий окуялар жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөр; тар мааниде - 1867-68-ж-дагы аягы­на чыкпай калган буржуазиялык революция. М. и-ге чейин Японияны иш жүзүндө Токугава тегинен чык­кан диктатор - сёгун башкарып, император четтё’ калган. Сёгун вассалдары менен өлкөдөгү жердин '/^ин ээлеп, жердин калган бөлүгү княздарга (даймёлорго) жана алардын вассалдарына (саму­райларга) лен тартибинде берилген. Эдо сёгун­дуктун администрациялык борбору болгон. Княздыктардын ыдырашы менен самурайлардын көбү шаарларга кетип, майда соодагер, кызматчы, мугалим ж. б-га айланган. Дыйкандар укуксуз ижарачылар гана болуп калган. Феодалдык эзүүнүн кү­чөшүнөн дыйкандар көтөрүлүшү чыккан. Дый­кандар жиктелип, оокаттуу дыйкандар (гоно) катмары көбөйгөн. Шаардык соода, ошондой эле ө. ж. буржуазиясы өскөн. Кымбатчылыктан, акчанын баасынын түшүшүнөн 1830-44, 1865-68-ж. Япо­нияда шаар кембагалдарынын көтөрүлүштөрү чыккан. Улуттук көз карандысыздык үчүн баш­талган кыймыл сёгундукту жоюп, император бийлигин калыбына келтирүү болгон. 1866-ж. батыш княздыктары бири-бири менен союз түзүп, сёгундукка каршы биргелешкен күрөшүн баш­ташкан. Натыйжада сёгун жана аны колдогон­дор Тоба жана Фусимиге жакын жердеги (Киото р-ну) салгылашта императордун аскерлеринен жеңилген. 1868-ж. 3-январда сёгундун өкмөтү­нүн кулагандыгы жана император башкарган жа­ңы өкмөт түзүлгөндүгү жарыяланган. Революциянын жеңиши буржуазиялык социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жол ачканы менен феодалдык калдык­тар кыйла даражада сакталып кала берип, рев­янын чала аяктаганын белгилеген. Княздык­тардын жоюлушу, префектура системасынын кийрилиши (1871), мамлекеттик аппаратты реформа­лоо, жалпы аскерге милдеттүүлүк (1872) ж. б. чаралар феодалдык бытырандылыктын жоюлу­шун, монархиялык буржуазиялык-помещиктик мамле­кеттин орношун шарттаган. Жер салыгынын реформаланышы (1873-79) феодалдык менчик­тин жоюлушуна көмөктөшүп, жерге буржуазиялык-по­мещиктйк менчикти орноткон, жаңы помещик­тердин, оокаттуу дыйкандардын позициясын чындаган. Мэйдзи өкмөтү 19-к-дын 70-80-жыл­дары капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болгон.

Ад.: Тояма Сигэки. Мейдзиисин. (Крушение феодализма в Японии). М., 1959; Лещенко Н. Ф. Япо­ния в эпоху Токугава. М., 2010.