МЭЙДЗИ ИСИН
МЭЙДЗИ ИСЙН (япончо Мэйдзини жаңыртуу, калыбына келтирүү) - 19-к-дын 2-жарымында Япониядагы феод. системаны жоюп, борбордошкон буржуазиялык-помещиктик мамлекетти орноткон саясий окуялар жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөр; тар мааниде - 1867-68-ж-дагы аягына чыкпай калган буржуазиялык революция. М. и-ге чейин Японияны иш жүзүндө Токугава тегинен чыккан диктатор - сёгун башкарып, император четтё’ калган. Сёгун вассалдары менен өлкөдөгү жердин '/^ин ээлеп, жердин калган бөлүгү княздарга (даймёлорго) жана алардын вассалдарына (самурайларга) лен тартибинде берилген. Эдо сёгундуктун администрациялык борбору болгон. Княздыктардын ыдырашы менен самурайлардын көбү шаарларга кетип, майда соодагер, кызматчы, мугалим ж. б-га айланган. Дыйкандар укуксуз ижарачылар гана болуп калган. Феодалдык эзүүнүн күчөшүнөн дыйкандар көтөрүлүшү чыккан. Дыйкандар жиктелип, оокаттуу дыйкандар (гоно) катмары көбөйгөн. Шаардык соода, ошондой эле ө. ж. буржуазиясы өскөн. Кымбатчылыктан, акчанын баасынын түшүшүнөн 1830-44, 1865-68-ж. Японияда шаар кембагалдарынын көтөрүлүштөрү чыккан. Улуттук көз карандысыздык үчүн башталган кыймыл сёгундукту жоюп, император бийлигин калыбына келтирүү болгон. 1866-ж. батыш княздыктары бири-бири менен союз түзүп, сёгундукка каршы биргелешкен күрөшүн башташкан. Натыйжада сёгун жана аны колдогондор Тоба жана Фусимиге жакын жердеги (Киото р-ну) салгылашта императордун аскерлеринен жеңилген. 1868-ж. 3-январда сёгундун өкмөтүнүн кулагандыгы жана император башкарган жаңы өкмөт түзүлгөндүгү жарыяланган. Революциянын жеңиши буржуазиялык социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жол ачканы менен феодалдык калдыктар кыйла даражада сакталып кала берип, ревянын чала аяктаганын белгилеген. Княздыктардын жоюлушу, префектура системасынын кийрилиши (1871), мамлекеттик аппаратты реформалоо, жалпы аскерге милдеттүүлүк (1872) ж. б. чаралар феодалдык бытырандылыктын жоюлушун, монархиялык буржуазиялык-помещиктик мамлекеттин орношун шарттаган. Жер салыгынын реформаланышы (1873-79) феодалдык менчиктин жоюлушуна көмөктөшүп, жерге буржуазиялык-помещиктйк менчикти орноткон, жаңы помещиктердин, оокаттуу дыйкандардын позициясын чындаган. Мэйдзи өкмөтү 19-к-дын 70-80-жылдары капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болгон.
Ад.: Тояма Сигэки. Мейдзиисин. (Крушение феодализма в Японии). М., 1959; Лещенко Н. Ф. Япония в эпоху Токугава. М., 2010.