МЫРЗА АЛИ ТАГАЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЫРЗА АЛИ ТАГАЙ (туулган жылы белгисиз - 1546-жылдан кийин) - Моголстандын саясий ишмерлеринин бири, эмир; алгач Султан Саид, кийин Абд арРашид хандын жакын кеңешчиси. М. А. Т. жөнүндө маалымат Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. «Тарих-и Рашиди») кездешет. Бул эмгекте автор аны дуулат (дуглат, доглат) уруусунан экенин, бирок дуулаттардын ханы Рашид тарабынан куугунтукталышын жана аталаш агасы Саид Мухаммед мырзанын башы алынышынасебепчи катары эсептеп, «куйту», «шайтанга да кызмат кылууга даяр» адам катары көрсөткөн. М. А. Т. дуулаттар менен ар дайым каршылашып, кыргыздардын таламын коргогон жалгыз эмир катары сүрөттөлөт. Султан Саид хан аны Моголстандын улусбеги кылып, ага 13 жашар Рашид ханды табыштаган. Султан Саид хан өлгөндөн кийин, М. А. Т. Абд.арРашид хандын эң жакын кеңешчисине айланган.