МЫРЗА АЛИ ТАГАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫРЗА АЛИ ТАГАЙ (туулган жылы белгисиз - 1546-жылдан кийин) - Моголстандын саясий ишмерлеринин бири, эмир; алгач Султан Саид, кийин Абд ар­Рашид хандын жакын кеңешчиси. М. А. Т. жөнүндө маалымат Мухаммед Хайдардын эмгегин­де (к. «Тарих-и Рашиди») кездешет. Бул эмгек­те автор аны дуулат (дуглат, доглат) уруусунан экенин, бирок дуулаттардын ханы Рашид та­рабынан куугунтукталышын жана аталаш ага­сы Саид Мухаммед мырзанын башы алынышы­насебепчи катары эсептеп, «куйту», «шайтанга да кызмат кылууга даяр» адам катары көр­сөткөн. М. А. Т. дуулаттар менен ар дайым кар­шылашып, кыргыздардын таламын коргогон жалгыз эмир катары сүрөттөлөт. Султан Саид хан аны Моголстандын улусбеги кылып, ага 13 жашар Рашид ханды табыштаган. Сул­тан Саид хан өлгөндөн кийин, М. А. Т. Абд.ар­Рашид хандын эң жакын кеңешчисине ай­ланган.