МУТАЛИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУТАЛИЕВ Хажи-Бекир Шовхалович (20. 6. 1910, Россия, Тер обл., Экажев кыш. - 11. 9. 1964, Грозный ш.) - ингуш акыны. Ингуш по­эзиясын негиздегендердин бири. Чыгармалары 1920-жылдардын 2-жарымынан жарыялана баштаган. «Маданият жоокерлери», «Канга - кан, жанга - жан» деген пьесаларында жаңы менен эскинин күрөшү чагылдырылган. «Эне ме­нен кыз», «Болыпевиктер келет» аңгемелери менен «Жаңы коноктор», «Апаат күндөр» поэма­ларында өзгөргөн турмуш, келечекке умтулуу көрсөтүлөт. М. өмүр, табият жөнүндө ой жүгүрт­көн ырлардын («Мейманым», «Жыгачкесе», «Өз айлымда» ж. б.) автору. Айрым чыгармалары чет элдердин тилдерине, анын ичинде кыргызчага да ко­торулган.