МУТАЛИЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУТАЛИЕВ Хажи-Бекир Шовхалович (20. 6. 1910, Россия, Тер обл., Экажев кыш. - 11. 9. 1964, Грозный ш.) - ингуш акыны. Ингуш поэзиясын негиздегендердин бири. Чыгармалары 1920-жылдардын 2-жарымынан жарыялана баштаган. «Маданият жоокерлери», «Канга - кан, жанга - жан» деген пьесаларында жаңы менен эскинин күрөшү чагылдырылган. «Эне менен кыз», «Болыпевиктер келет» аңгемелери менен «Жаңы коноктор», «Апаат күндөр» поэмаларында өзгөргөн турмуш, келечекке умтулуу көрсөтүлөт. М. өмүр, табият жөнүндө ой жүгүрткөн ырлардын («Мейманым», «Жыгачкесе», «Өз айлымда» ж. б.) автору. Айрым чыгармалары чет элдердин тилдерине, анын ичинде кыргызчага да которулган.