МУЛЬТИМЕДИА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЛЬТИМЕДИА (МиИатесИа) - экранда маалыматты (текстти жана графиканы) үн жана кыймыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык. Колдонуучудан баскычтоп же чычкан аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү М. колдонмолору интерактивдүү М. болуп эсептелет. Интерактивдүүлүгү жогору М. колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк М. колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. М. колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. М-да тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. М. колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар менен кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат. М-ны кошуу мүмкүнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, видеону, анимацияны жана аудиону интеграциялаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти жана интернетке кызыгууларды күчөттү.