МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУ - көркөм чыгармачылык­тын түрү; музыканы ырчынын үнү же музыкалык ас­пап менен аткаруу. Нотага түшкөн музыкалык чыгарма М. а. аркылуу угуучуга жетет. Ошондуктан ком­позитор менен угуучунун ортосунда аткаруучунун болушу зарыл. М. а-нун түрү: вокалдык (ыр), аспаптык (музыкалык аспаптарда ойноо) жана аралаш аткаруу (вокалдык-аспаптык). Аткаруучулар­дын санына жараша М. а. жеке (соло), камера­лык-ансамблдик (трио, квартет, квинтет ж. б.), симфониялык, хордук болуп бөлүнөт. М. а-нун эң та­таалы - опера. Операда ырчы-актёр, хор жана оркестр катышат. Музыкалык чыгарманын таасир­дүүлүгү аткаруучунун чеберчилигине байланыш­туу болот.