МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУ - көркөм чыгармачылыктын түрү; музыканы ырчынын үнү же музыкалык аспап менен аткаруу. Нотага түшкөн музыкалык чыгарма М. а. аркылуу угуучуга жетет. Ошондуктан композитор менен угуучунун ортосунда аткаруучунун болушу зарыл. М. а-нун түрү: вокалдык (ыр), аспаптык (музыкалык аспаптарда ойноо) жана аралаш аткаруу (вокалдык-аспаптык). Аткаруучулардын санына жараша М. а. жеке (соло), камералык-ансамблдик (трио, квартет, квинтет ж. б.), симфониялык, хордук болуп бөлүнөт. М. а-нун эң татаалы - опера. Операда ырчы-актёр, хор жана оркестр катышат. Музыкалык чыгарманын таасирдүүлүгү аткаруучунун чеберчилигине байланыштуу болот.