МОЦАРТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЦАРТ Вольфганг Амадей (27. 1. 1756, Зальцбург - 5. 12. 1791, Вена) - австрия композитору, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү. Скрипач

жана композитор Леопольд Моцарттын уулу жана шакирти. М. 4 жашынан клавесинде ойноп, 5 жашынан музыка чыгарган (8-9 жашында симфония, 10-11 жашында музыкалык театр үчүн чыгарма). 1762-ж. пианист эжелери (Мария, Анна) менен Германия, Австрия, Франция, Швейцарияда болуп, пианист, скрипач, органист, ырчы катары концерт берген. 1779-81-ж. Зальцбург князь-архиепискобунун сарайында органист, 1770-ж. Болонья Филармония академиясынын мүчөсү болгон. Академиянын жетекчиси Ж. Б. Мартиниден композиция боюнча сабак алып, Рим папасынын Алтын текөөр ордени менен сыйланган. 19 жашында 10 музыкалык-сахналык чыгарма (оратория, музыкалык комедия, опера), 2 кантата, бир нече симфония, квартет, соната ж. б. жараткан. Миланда өзүнүн «Митридат - понт падышасы» операсына дирижёрлук кылган. 1781-жылдан Венада жашап, «Театр директору», «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786), «Дон Жуан» (1787), «Сыйкырдуу чоор» (1791) ж. б. операларды жазган. М. - бООдөн ашык чыгарманын - 17 опера, 50дөй симфония, 50дөн ашык камералык ансамбль (23 аспаптык квартет), оркестр үчүн 40тай концерт, соната (фортепиано үчүн 21, скрипка жана фортепиано үчүн 35), хор үчүн чыгармалар, ырлар ж. б. чыгармалардын автору. Композитордун туулган жери Зальцбургда Эл аралык «Моцартеум» (1880-
ж. уюшулган) мекемеси башында турган агартуу, ил-из., окуу ж. б. тармактар түзүлгөн.
Ад.: Эйнштейн А. Моцарт. Личность. Творчество. 2-е изд. М., 2007; Луцпер П. В„ Сусидко И. П. Моцарт и его время. М., 2008. Бадура-Скода Е„ Бадура-Скода П. Интерпретация Моцарта. 2-е изд. М., 2011.