МОХАВЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОХАВЕ - АКШнын түш,- батышындагы чөл; Чоң Бассейндин бир бөлүгү. Калифорния штатынын түштүгүндө (Ажал өрөөну менен кошо). Кырдуу кырка тоолору (бийикт. 3366 мдей) кумдуу жайык өрөөндөр менен кезектешип жатат. Климаты кескин континенттик, жайы ысык. Жылдык жаанчачыны 45-150 мм, кээде жыл бою жамгыр жаабайт. Түндүк Америка материгинин эң кургакчыл жери. Туздуу чакан көлдөрү бар. Креозот бадалдары, суккуленттер (юкка, кактус) өсөт. Түштүк бөлүгүндөгү Жошуа-Три коругунда чөл
өсүмдүктөрү жана фаунасы корголот.