МОХАВЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОХАВЕ - АКШнын түш,- батышындагы чөл; Чоң Бас­сейндин бир бөлүгү. Калифорния штатынын түштүгүндө (Ажал өрөөну менен кошо). Кырдуу кыр­ка тоолору (бийикт. 3366 мдей) кумдуу жайык өрөөндөр менен кезектешип жатат. Климаты кес­кин континенттик, жайы ысык. Жылдык жаан­чачыны 45-150 мм, кээде жыл бою жамгыр жаабайт. Түндүк Америка материгинин эң кургак­чыл жери. Туздуу чакан көлдөрү бар. Креозот бадалдары, суккуленттер (юкка, кактус) өсөт. Түштүк бөлүгүндөгү Жошуа-Три коругунда чөл

өсүмдүктөрү жана фаунасы корголот.