МОЛЕКУЛА АРАЛЫК ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛЕКУЛА АРАЛЫК ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ электр нейтралдуу бир молекуланын башка молекулага жасаган аракети. Бул аракет идеалдык газдардын законунан четтөөнү, газ абалынан суюк абалга өтүүсүн, молекулалык кристаллдардын болушун жана алардын бир катар касиеттерин, өтүү кубулуштарын (диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөрүү), газдардагы термиялык релаксация, люминесценция өчүүсүн, спектрдик сызыктардын кеңейишин, адсорбцияны ж. б. кубулуштарды шарттайт. Ван-дер-Ваальс күчтөрү деп аталган молекула аралык тартылуу күчтөрү валенттик күчтөрдөн бир кыйла начарыраак болушат. Химиялык байланышты үзүү үчүн зарыл болгон энергия 50-100 ккал/моль болсо, молекулалар аралык аракеттенишүү энергиясы ондон бир үлүштөн бир нече ккал/моль болот.