МОЛЕКУЛА АРАЛЫК ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛЕКУЛА АРАЛЫК ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ электр нейтралдуу бир молекуланын башка молекулага жасаган аракети. Бул аракет идеал­дык газдардын законунан четтөөнү, газ абалы­нан суюк абалга өтүүсүн, молекулалык кристаллдардын болушун жана алардын бир катар касиеттерин, өтүү кубулуштарын (диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөрүү), газдардагы термиялык ре­лаксация, люминесценция өчүүсүн, спектрдик сызыктардын кеңейишин, адсорбцияны ж. б. кубулуштарды шарттайт. Ван-дер-Ваальс күч­төрү деп аталган молекула аралык тартылуу күчтөрү валенттик күчтөрдөн бир кыйла нача­рыраак болушат. Химиялык байланышты үзүү үчүн зарыл болгон энергия 50-100 ккал/моль болсо, молекулалар аралык аракеттенишүү энергиясы ондон бир үлүштөн бир нече ккал/моль болот.