ЖАМАЛОВ Абдижалил

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 26 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАЛОВ Абдижалил Кыргызбаевич (01. 11. 1951, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Күл айы­лы – 06. 05. 2022, сөөгү Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылына коюлган) – генерал-майор (2001). 1973-жылы Пржевальск Мамлекеттик Педагогикалык институтун бүткөн. 1973–1976-жылдарда Прже-

вальск педагогикалык окуу жайында окутуучу, № 12 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайында комсомол комитетинин секрета­ры, 1976–1979-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча баш­кармалыгында райондук бө­лүмдүн оперуполномочени, 1979–1990-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинде бөлүмдүн улук оперуполно­мочени, 1990–1992-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуз­дук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгын на­чальниги, 1992–1995-жылдарда Кыргыз Республикасыныны Улуттук Коопсуз­дук комитетинде бөлүмдүн начальниги, 1995–1999-жылдарда улуттук коопсуздук комитетинде, 1997-жылдан Улуттук Коопсуздук министрлигинде төраганын орун басары, начальник, 1999–2002-жылдарда Улуттук Коопсуздук министрлигинде, 2001-жылдан улут­тук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 2002–2003-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын баш­кы башкармалыгынын начальниги, 2003–2005-жылдарда КРдин Улуттук Коопсуздук кызматында башкармалыктын начальниги, 2005–2006-жылдарда КРдин Улуттук Коопсуздук кызматынын төра­гасынын 1-орун басары, 2006–2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Чек Ара кызматынын 1-орун басары, штабдын начальниги болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени (2021) ж.б. медалдар менен сыйланган.