ЖАМАЛОВ Абдижалил
ЖАМАЛОВ Абдижалил Кыргызбаевич (01. 11. 1951, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Күл айылы – 06. 05. 2022, сөөгү Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылына коюлган) – генерал-майор (2001). 1973-жылы Пржевальск Мамлекеттик Педагогикалык институтун бүткөн. 1973–1976-жылдарда Прже-

вальск педагогикалык окуу жайында окутуучу, № 12 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайында комсомол комитетинин секретары, 1976–1979-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында райондук бөлүмдүн оперуполномочени, 1979–1990-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинде бөлүмдүн улук оперуполномочени, 1990–1992-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгын начальниги, 1992–1995-жылдарда Кыргыз Республикасыныны Улуттук Коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальниги, 1995–1999-жылдарда улуттук коопсуздук комитетинде, 1997-жылдан Улуттук Коопсуздук министрлигинде төраганын орун басары, начальник, 1999–2002-жылдарда Улуттук Коопсуздук министрлигинде, 2001-жылдан улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 2002–2003-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги, 2003–2005-жылдарда КРдин Улуттук Коопсуздук кызматында башкармалыктын начальниги, 2005–2006-жылдарда КРдин Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басары, 2006–2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Чек Ара кызматынын 1-орун басары, штабдын начальниги болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени (2021) ж.б. медалдар менен сыйланган.