ОПТИКА
ОПТИКА (грекче орНке - көрүнүүчү, көрүнүп турган) - жарыктын нурлануу процессин, анын түрдүү чөйрөдө таралышын жана жарыктын зат менен өз ара аракеттенишин изилдөөчү физиканын бөлүмү. 0-лык нурлар теги боюнча электр-магниттик толкундар болгондуктан, О. электр-магниттик талаа жөнүндөгү жалпы окуунун бөлүгүн түзөт.
0. - байыркы илим. Пифагор жарык булактан майда бөлүкчөлөр түрүндө тараларын айткан. Аристотелъ, Платон, Евклид геометриялык 0-ны өнүктүргөн. 1590-жылы голландия физиги 3. Янсен биринчи жолу эки линзалуу микроскоп, 1609-жылы Г. Галилей телескоп жасашкан. 1620-жылы голландия физиги В. Снелл жана Р. Декарт жарыктын сынуу закондорун экспериментте такташкан. 1665-жылы итал. физиги Ф. Гримальди жарык дифракциясын, 1669-жылы даниялык физик Э. Бартолин жарык интерференциясын жана жарык нурунун ачалануусун ачкан. И. Нъютон жарыктын корпускулалык, ал эми венгер физиги X. Гюйгенс жана англ. физик Р. Гук толкундук теориясын түзүшкөн. 1905-жылы А. Эйнштейн салыштырмалуулук теориясын түзгөн. 1947-жылы венгер физиги Д. Габор голографияны ачкан. 1954-55-ж. орус окумуштуулары А. М.
Прохоров, Н. Г. Басов жана америкалык физик Ч. Таунс биринчи жолу квант генераторлорун түзүшкөн. О. толкун узундугу диапазону 20 октаваны өз ичине камтып, толкун узундугу кыска жагынан рентген нурлары, узун жагынан радионурлануунун микротолкундук диапазону менен чектелет. 0-лык нурлардын тароо касиетин изилдөө салыштырмалуулук теориясынын ачылышына алып келди, ал эми жарыктын пайда болушун изилдөө атомдук физика илимин түптөдү. О. геометриялык, физикалык, сызыктуу эмес, физиол. ж. б. болуп бөлүнөт. Геометриялык О. жарыктын табиятын эмес, анын 0-лык чөйрөдөгү таралуу өзгөчөлүгүн үйрөтөт. Жарык нурлары чөйрөдө бири бирине көз карандысыз тарап, 0-лык касиеттери түрдүү чөйрөлөрдүн чек арасында сынат, ал эми бир тектүү чөйрөдө түз сызык боюнча тарайт. Геометриялык О. объектинин 0-лык сүрөттөлүшүнүн пайда болуусу, анын айрым чекиттеринин берген сүрөттөлүшүнүн биримдиги катары үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Физикалык 0. жарыктын жаратылышын жана аны менен байланышкан жарык кубулуштарын изилдейт. Жарыктын дифракциясын, интерференциясын, полярланышын жана анизотропиялык чөйрөлөрдөгү таралышын көрсөтүүчү көптөгөн тажрыйбалар жарыктын туурасынан кеткен электр-магниттик толкундар экендигин далилдеди. Классикалык толкундук 0-дагы чөйрө параметрлери жарыктын ургаалдулугуна көз каранды эмес болгондуктан, 0-лык процесстер сызыктуу дифференциялык тендемелер менен аныкталат. Бирок, чоң интенсивдүү жарык агымы тараган чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү жарыктын электр талаасынын чыңалышына көз каранды болот. Натыйжада эки чөйрөнүн чек арасындагы жарык шооласынын сынуу бурчу өзгөрүп, жарык шооласы кысылат же кеңийт. Ал эми толкун 0-сы сызыктуу эмес чөйрөдөн өткөндө анын таралышын жакшы сүрөттөгөнү менен, жарыктын нурлануу жана жутулуу процесстерин түшүндүрө албайт. Бул процесстерди изилдөө, жарыктын түпкү булагы атомдун энергияны дискреттүү, квант түрүндө чыгара же жута тургандыгы далилденди. Натыйжада кванттык О. пайда болду.
0-лык ыкмаларды колдонбогон илим же техниканын тармагы жокко эсе, ал эми кай бирлеринде О. аныктоочу ролду ойнойт.
Ад.: Ландсберг Г. С. Оптика. М., 1957 (Обший курс физики. Т. 3); Карашев Т„ Карашева Т. Т. Жалпы физика курсу (Оптика). Б., 2007. Карашев Т„ Карашева Т. Т. Жалпы физика курсу: оп-тика, атом жана ядро физикасы. Б., 2009; Кидибаев М.М., Шаршеев К. Жалпы физика курсу. Т.. 4: Оптика. Б., 2005.