ОПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКА (грекче орНке - көрүнүүчү, көрүнүп тур­ган) - жарыктын нурлануу процессин, анын түр­дүү чөйрөдө таралышын жана жарыктын зат ме­нен өз ара аракеттенишин изилдөөчү физика­нын бөлүмү. 0-лык нурлар теги боюнча электр-маг­ниттик толкундар болгондуктан, О. электр-маг­ниттик талаа жөнүндөгү жалпы окуунун бөлүгүн түзөт.

0. - байыркы илим. Пифагор жарык булак­тан майда бөлүкчөлөр түрүндө тараларын айт­кан. Аристотелъ, Платон, Евклид геометриялык 0-ны өнүктүргөн. 1590-жылы голландия физиги 3. Ян­сен биринчи жолу эки линзалуу микроскоп, 1609-жылы Г. Галилей телескоп жасашкан. 1620-жылы голландия физиги В. Снелл жана Р. Де­карт жарыктын сынуу закондорун эксперимент­те такташкан. 1665-жылы итал. физиги Ф. Гри­мальди жарык дифракциясын, 1669-жылы дания­лык физик Э. Бартолин жарык интерферен­циясын жана жарык нурунун ачалануусун ачкан. И. Нъютон жарыктын корпускулалык, ал эми венгер физиги X. Гюйгенс жана англ. физик Р. Гук толкундук теориясын түзүшкөн. 1905-жылы А. Эй­нштейн салыштырмалуулук теориясын түзгөн. 1947-жылы венгер физиги Д. Габор голографияны ачкан. 1954-55-ж. орус окумуштуулары А. М.

Прохоров, Н. Г. Басов жана америкалык физик Ч. Таунс биринчи жолу квант генераторлорун түзүшкөн. О. толкун узундугу диапазону 20 октаваны өз ичине камтып, толкун узундугу кыска жагы­нан рентген нурлары, узун жагынан радионур­лануунун микротолкундук диапазону менен чек­телет. 0-лык нурлардын тароо касиетин изилдөө салыштырмалуулук теориясынын ачылышына алып келди, ал эми жарыктын пайда болушун изилдөө атомдук физика илимин түптөдү. О. геометриялык, физикалык, сызыктуу эмес, физиол. ж. б. бо­луп бөлүнөт. Геометриялык О. жарыктын табиятын эмес, анын 0-лык чөйрөдөгү таралуу өзгөчөлүгүн үй­рөтөт. Жарык нурлары чөйрөдө бири бирине көз карандысыз тарап, 0-лык касиеттери түрдүү чөйрөлөрдүн чек арасында сынат, ал эми бир тектүү чөйрөдө түз сызык боюнча тарайт. Геометриялык О. объектинин 0-лык сүрөттөлүшүнүн пайда болуусу, анын айрым чекиттеринин берген сүрөт­төлүшүнүн биримдиги катары үйрөнүүгө мүмкүн­дүк берет. Физикалык 0. жарыктын жаратылышын жана аны менен байланышкан жарык кубулушта­рын изилдейт. Жарыктын дифракциясын, ин­терференциясын, полярланышын жана анизот­ропиялык чөйрөлөрдөгү таралышын көрсөтүүчү көптөгөн тажрыйбалар жарыктын туурасынан кеткен электр-магниттик толкундар экендигин далилдеди. Классикалык толкундук 0-дагы чөйрө параметрлери жарыктын ургаалдулугуна көз каранды эмес болгондуктан, 0-лык процесс­тер сызыктуу дифференциялык тендемелер менен аныкталат. Бирок, чоң интенсивдүү жарык агы­мы тараган чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү жарык­тын электр талаасынын чыңалышына көз ка­ранды болот. Натыйжада эки чөйрөнүн чек ара­сындагы жарык шооласынын сынуу бурчу өзгөрүп, жарык шооласы кысылат же кеңийт. Ал эми толкун 0-сы сызыктуу эмес чөйрөдөн өткөндө анын таралышын жакшы сүрөттөгөнү менен, жарыктын нурлануу жана жутулуу процесс­терин түшүндүрө албайт. Бул процесстерди изил­дөө, жарыктын түпкү булагы атомдун энергия­ны дискреттүү, квант түрүндө чыгара же жута тургандыгы далилденди. Натыйжада квант­тык О. пайда болду.

0-лык ыкмаларды колдонбогон илим же тех­никанын тармагы жокко эсе, ал эми кай бирле­ринде О. аныктоочу ролду ойнойт.

Ад.: Ландсберг Г. С. Оптика. М., 1957 (Обший курс физики. Т. 3); Карашев Т„ Карашева Т. Т. Жалпы физика курсу (Оптика). Б., 2007. Карашев Т„ Кара­шева Т. Т. Жалпы физика курсу: оп-тика, атом жана ядро физикасы. Б., 2009; Кидибаев М.М., Шар­шеев К. Жалпы физика курсу. Т.. 4: Оптика. Б., 2005.