ОНОМАСТИКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОНОМАСТИКА (грекче опошазНкоЪ - аталышка тиешелүү, опота - ысым, аталыш дегенден) - 1) тил илиминин бир бөлүгү; энчилүү аттарды, алардын тарыхын, тилде колдонулушун изилдейт; 2)онимия-ар кайсы типтеги энчилүү аттар (О-лык лексика). Бул изилдөө обьектисине жараша антропонимика, топонимика, зоонимия (айбанаттардын энчилүү аты) ж. б. тармактарга бөлүнөт. О-лык изилдөөлөр элдердин мурдагы жайгашкан жерлерин, миграциясынын багытын, тилдик жана маданий байланыштарын, тилдердин байыркы абалын билүүгө жардам берет.