ОНОМАСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНОМАСТИКА (грекче опошазНкоЪ - аталышка тиешелүү, опота - ысым, аталыш дегенден) - 1) тил илиминин бир бөлүгү; энчилүү аттарды, алардын тарыхын, тилде колдонулушун изил­дейт; 2)онимия-ар кайсы типтеги энчилүү аттар (О-лык лексика). Бул изилдөө обьекти­сине жараша антропонимика, топонимика, зоонимия (айбанаттардын энчилүү аты) ж. б. тармактарга бөлүнөт. О-лык изилдөөлөр элдер­дин мурдагы жайгашкан жерлерин, миграция­сынын багытын, тилдик жана маданий байла­ныштарын, тилдердин байыркы абалын билүүгө жардам берет.