ОМОРОВ Туратбек Турсунбекович
ОМОРОВ Туратбек Турсунбекович (15. 9. 1951- жылы туулган, Талас обл., Талас району, Жеңиш айылы) - техника илимдеринин доктору (1997), КР УИАнын корр. мүчөсү (2006), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (2002). КР илимге эмг. сиң. ишмери (2010). Ленинграддагы В. И. Ульянов (Ленин) атындагы Электр-техникалык институтун (1975) жана Н. Э. Бауман атындагы Москва аспи-

рантурасын (1980) бүтүргөн. ФПИде мугалим (1975-77), ЖОЖдо инженер, Бүткүл союздук мелиорациялык системаларды комплекстүү автоматташтыруу ИИИде лабор. башчысы (1984-92), бөлүм башчысы (1992-94), КР УИАнын Автоматика институтунда директордун илим боюнча орун басары, 2000-жылдан директор (2000-08), 2008-жылдан КР УИАнын вице-президенти. Автоматика, техникалык кибернетика жана информациялык системалар боюнча адис. 215тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монография, 4 ойлоп табуу патентинин автору.
Эмг.: Управление многомерными объектами на основе концепции допустимости (в соавторстве). Б., 1996; Принцип гарантируемой динамики в теории системах управления.