ОМОРОВ Туратбек Турсунбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМОРОВ Туратбек Турсунбекович (15. 9. 1951- жылы туулган, Талас обл., Талас району, Жеңиш айылы) - техника илимдеринин доктору (1997), КР УИАнын корр. мүчөсү (2006), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (2002). КР илим­ге эмг. сиң. ишмери (2010). Ленинграддагы В. И. Ульянов (Ленин) атындагы Электр-техникалык институтун (1975) жана Н. Э. Бауман атындагы Москва аспи-

рантурасын (1980) бүтүргөн. ФПИде мугалим (1975-77), ЖОЖдо инженер, Бүткүл союздук мелиорациялык системаларды комплекстүү автоматташтыруу ИИИде лабор. башчысы (1984-92), бөлүм башчысы (1992-94), КР УИАнын Автоматика институтунда директордун илим боюнча орун басары, 2000-жыл­дан директор (2000-08), 2008-жылдан КР УИА­нын вице-президенти. Автоматика, техникалык кибер­нетика жана информациялык системалар боюнча адис. 215тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 моно­графия, 4 ойлоп табуу патентинин автору.

Эмг.: Управление многомерными объектами на основе концепции допустимости (в соавторстве). Б., 1996; Принцип гарантируемой динамики в теории системах управления.