ОКЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЕЕВ Төлөмүш (11. 9. 1935, азыркы Ысык-Көл обл., Тоң району, Бөкөнбаев кыш. - 18. 12. 2001, Анкара ш., сөөгу Бишкекке коюлган) - киноре­жиссёр, коомдук ишмер, элчи, Кыргыз ССРи­нин эл арт. (1975), СССР эл арт. (1985), Казакстан Респ. эмг. сиң. ишмери (1997). Ле­нинград киноинженерлер институтун (1958), Бүткүл союз­дук мамлекеттик

кинематография институтунун (ВГИК) эки жыл­дык режиссёрдук жогорку курсун бүтүргөн (1964). 1958-62-ж. «Кыргызфильм» студиясында үн оператор, 1964-жылдан режиссёр, 1970-жылы Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун председателинин 1-орун басары, 1985-89-ж. Кыргыз ССРинин Кинематографист­тер союзунун 1-секретары ошол эле убакытта СССР Кинематографисттер союзунун секретары. 1993-98-ж. Түркияда КРдин Биринчи атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРдин Түркия­дагы ТЮРКСОЙ толук ыйгарымдуу өкүлү (1998), КМШ кинематографисттер конфедерациясынын председателинин орун басары (2001). 1966-жылы тарткан «Бакайдын жайыты» (Кыргыз ССРи­нин Ленин комсомолу сыйл., 1967) толук мет­раждуу фильми О-ге атак-даңк алып келген. Бүткүл союздук кинофестивалынын «Дебют үчүн атайын сыйлыктын» лауреаты (1968). Бүткүл союздук кинофестивалынын көп жолку лауреа­ты болуп келген - «Биринчи көркөм фильмдер-

М. Рыскулов - Ажы. Режиссёр Т. Океев, «Уркуя».

дин премиясы» (1974), «Режиссура үчүн» (1981), «Кинофестивалдын сыйлыктары» (1981), «Баш­кы премиялар» (1985) жана Берлин кинофести­валынын «Көркөм салым үчүн премиясы» - («Күмүш аю» байгеси, 1985). «Түрк элдеринин искусствосуна чыгармачыл салымы үчүн» иск­во жана адабият сыйл. (1997). Францияда өткөн «Үч континент» - Эл аралык кинофестивалынын «Дүйнөлүк кино искусствосуна салымы үчүн» байгесинин ээси (2001). Көркөм фильмдери: «Ур­куя» (1972; Токтогул атындагы мамлекеттик сыйл., 1974), «Көк серек» (1974), «Кызыл алма» (1975), «Улан» (1977; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйл., 1978), «Алтын күз» (1980), «Ак илбирстин ту­куму» (1984), «Махабат дастаны» (1986). О-дин фильмдери Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союз­дук, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн кинофести­валдарында байгелерге татыган. Ал «Жылкы­лар», 1965; «Боом капчыгайы», 1969; «Мурас», 1969; «Алгыр куштар», 1970; «Скульптор Ольга Мануйлова», 1982; ж. б. документалдык фильм­дерди да жараткан. О. Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция^ Германия, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган. О. кыргыз улуттук ки­носун дүйнөгө тааныткан. «Канаттуу искусст­во» китебинин автору (1977). Кыргыз ССР Жо­горку Советинин (1980, 1988), СССР Жогорку Советинин (1989-91) депутаты. Эмгек Кызыл Туу, Манас ордендери жана медалдар менен сый­ланган.

Ад.: Г. Толомушова. Территория Киностан: кыр­гызское кино в лицах. Б., 2009. Р. Бейшеналиева.