ОКЕЕВ
ОКЕЕВ Төлөмүш (11. 9. 1935, азыркы Ысык-Көл обл., Тоң району, Бөкөнбаев кыш. - 18. 12. 2001, Анкара ш., сөөгу Бишкекке коюлган) - кинорежиссёр, коомдук ишмер, элчи, Кыргыз ССРинин эл арт. (1975), СССР эл арт. (1985), Казакстан Респ. эмг. сиң. ишмери (1997). Ленинград киноинженерлер институтун (1958), Бүткүл союздук мамлекеттик

кинематография институтунун (ВГИК) эки жылдык режиссёрдук жогорку курсун бүтүргөн (1964). 1958-62-ж. «Кыргызфильм» студиясында үн оператор, 1964-жылдан режиссёр, 1970-жылы Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун председателинин 1-орун басары, 1985-89-ж. Кыргыз ССРинин Кинематографисттер союзунун 1-секретары ошол эле убакытта СССР Кинематографисттер союзунун секретары. 1993-98-ж. Түркияда КРдин Биринчи атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРдин Түркиядагы ТЮРКСОЙ толук ыйгарымдуу өкүлү (1998), КМШ кинематографисттер конфедерациясынын председателинин орун басары (2001). 1966-жылы тарткан «Бакайдын жайыты» (Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйл., 1967) толук метраждуу фильми О-ге атак-даңк алып келген. Бүткүл союздук кинофестивалынын «Дебют үчүн атайын сыйлыктын» лауреаты (1968). Бүткүл союздук кинофестивалынын көп жолку лауреаты болуп келген - «Биринчи көркөм фильмдер-
дин премиясы» (1974), «Режиссура үчүн» (1981), «Кинофестивалдын сыйлыктары» (1981), «Башкы премиялар» (1985) жана Берлин кинофестивалынын «Көркөм салым үчүн премиясы» - («Күмүш аю» байгеси, 1985). «Түрк элдеринин искусствосуна чыгармачыл салымы үчүн» искво жана адабият сыйл. (1997). Францияда өткөн «Үч континент» - Эл аралык кинофестивалынын «Дүйнөлүк кино искусствосуна салымы үчүн» байгесинин ээси (2001). Көркөм фильмдери: «Уркуя» (1972; Токтогул атындагы мамлекеттик сыйл., 1974), «Көк серек» (1974), «Кызыл алма» (1975), «Улан» (1977; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйл., 1978), «Алтын күз» (1980), «Ак илбирстин тукуму» (1984), «Махабат дастаны» (1986). О-дин фильмдери Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалдарында байгелерге татыган. Ал «Жылкылар», 1965; «Боом капчыгайы», 1969; «Мурас», 1969; «Алгыр куштар», 1970; «Скульптор Ольга Мануйлова», 1982; ж. б. документалдык фильмдерди да жараткан. О. Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция^ Германия, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган. О. кыргыз улуттук киносун дүйнөгө тааныткан. «Канаттуу искусство» китебинин автору (1977). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1980, 1988), СССР Жогорку Советинин (1989-91) депутаты. Эмгек Кызыл Туу, Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Г. Толомушова. Территория Киностан: кыргызское кино в лицах. Б., 2009. Р. Бейшеналиева.
