ОБОЗОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБОЗОВ Алайбек Жумабекович (28. 5. 1954- жылы туулган, Ош обл., Алай району, Сопу-Коргон айы­лы) - техника илимдеринин доктору (2003). ФПИни (1977) бүтүргөн. КР УИАнын Автоматика ин­тунда лаборант (1975-77), инженер (1977-79), кенже (1979-81) жана улук (1981-83) илимий кыз­маткер, лабор. башчысы (1992-98). Өкмөткө ка­раштуу иш долбоорунун генералдык директору (1998-2003), ошондой эле мезгилде Калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу проблемалары (маселелери) боюнча борбордун генералдык дирек­тору (1998-2003), КТУда кафедра башчысы (2003-07), 2007-жылдан КТУнун алдындагы ди­станциялык окутуу жана квалификацияны жо­горулатуу борборунун директору. Калыбына келүүчү адаттагы эмес энергия булактары боюнча адис. 230дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 моно­графия, 14 патент жана ойлоп табуулардын ээси.

Эмг.: Нетрадиционные источники энергии для мало­энергоемких объектов (в соавторстве). Ф., 1990; К вопросу теоретического и практического обоснования коэффициента отбора мощности биколесной ветроуста­новки. СПб., 2001. Возобновляемые источники энергии (в соавторстве). Б., 2010.