ОБОЗОВ
ОБОЗОВ Алайбек Жумабекович (28. 5. 1954- жылы туулган, Ош обл., Алай району, Сопу-Коргон айылы) - техника илимдеринин доктору (2003). ФПИни (1977) бүтүргөн. КР УИАнын Автоматика интунда лаборант (1975-77), инженер (1977-79), кенже (1979-81) жана улук (1981-83) илимий кызматкер, лабор. башчысы (1992-98). Өкмөткө караштуу иш долбоорунун генералдык директору (1998-2003), ошондой эле мезгилде Калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу проблемалары (маселелери) боюнча борбордун генералдык директору (1998-2003), КТУда кафедра башчысы (2003-07), 2007-жылдан КТУнун алдындагы дистанциялык окутуу жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору. Калыбына келүүчү адаттагы эмес энергия булактары боюнча адис. 230дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 монография, 14 патент жана ойлоп табуулардын ээси.
Эмг.: Нетрадиционные источники энергии для малоэнергоемких объектов (в соавторстве). Ф., 1990; К вопросу теоретического и практического обоснования коэффициента отбора мощности биколесной ветроустановки. СПб., 2001. Возобновляемые источники энергии (в соавторстве). Б., 2010.